super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кореянын президенти Пак Кын Хени куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хени чыгыш календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда мамилелердин жакшы динамикасын, байыркы тарыхый жана тууганчылык тамырларга негизделген конструктивдүү диалогдун жана түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуунун кеңейишин канааттануу менен белгиледи.

“Сиздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана көп пландуу кызматташууну бекемдөөгө, анын ичинде Кыргызстанда демократиялуу шайлоолорду өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө чындап умтулууңузду баалайм. Кыргыз-корейлик байланыштардын бардык комплексин мындан ары чыныгы өнөктөштүктүн маанайында тереңдетүү достук мамиледеги элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына төп келерине ишенем”,- деп билдирди президент.

Алмазбек Атамбаев Кореянын президентине эсенчилик жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми корей элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: