Өлкө башчы транспорт министри Калыкбек Султановду кабыл алды

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-февралда өлкөнүн транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда мамлекет башчы республиканын аймагында курулуп жаткан унаа жолдорунун азыркы абалы тууралуу маалымат алды.
Калыкбек Султанов кыргыз делегациясынын Кытайга болгон иш сапары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө перспективасына токтолду.
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшү үчүн транспорт жана коммуникация багытындагы долбоорлордун өз убагында бүтүшү маанилүү экенин белгилеп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

