super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтүнүн 383ү дотацияда отурганы айтылды

 

Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү болсо, анын 383ү дотацияда отурат. 53 айыл өкмөт башчысы түрдүү себептен улам жөө жүрсө, 80 айыл өкмөтүнүн таптакыр автоунаасы жок. Муну депутат Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат мындай шартта жергиликтүү бийлик өз милдеттерин мыкты аткарышы күмөн экенин айтат. 

"Дотацияда отурган айыл аймактарынын кайра кайтарууга мүмкүн болбой турган айласыз салыктык карыздары өсүп жатат. Алардын Кайра бөлүштүрүү фондундагы жеринен башка байлыгы жок. Кайрак жерди эч ким деле ижарага албайт. Аларды жоюп кутулбасак, төлөтүп кутулта албайбыз. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүү чараларын иштеп чыгып, парламенттин кароосуна киргизиши керек",- дейт Дыйканбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: