Тоң районунда 2015-жылга карата 20 402 гектар жер айдоо алдында турат




Тоң районунда 2015-жылга карата 20 402 гектар жер айдоо алдында турат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жазгы талаа иштерине көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышуу иретинде Тоң районунда болду. Тоң району облустун ичинен климаттык шарты оор райондордун ичине кирет. Андыктан аталган райондо сугаруу иштери март айында башталып, 4 жолу сугарууга туура келет. Тоң районунун Айыл чарба башкармалыгынын маалыматына таянсак, 2015-жылга 20 402 гектар жер айдоо алдында турат. Анын 15 899 гектары сугат жер болсо, ал эми 4503 гектары кайрак жерди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.