"Финполиция кызматкерлери уулумдун компьютерин алып, бербей жатышат" дейт депутат Сулейманов
Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына нааразычылык билдирди. Эл өкүлү аталган кызматтын өкүлдөрү коммерциялык эмес ишканаларды, бейөкмөт уюмдарды, диаспораларды, коомдук бирикмелерди текшерүүгө алып жатканын айтып, буларды кошумчалады: "Аталган органдар демөөрчүлөрдүн каржылык жардамы менен иштеп жатышат. "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызмат" деп аты эле өзгөргөнү болбосо, Финполициянын түзүмү ошол бойдон калды".
Автор: Нургазы Аматов
Сулейманов уулуна байланыштуу маселени көтөрдү. "Жакында уулумдун компьютерин текшерүүгө алышып, 2 айдан бери бербей жатышат. Мен кийлигишпей эле жүргөм, бирок жаным чыдабай кетти. Бул маселе боюнча премьер-министр менен сүйлөшөм. Аны менен жолугууга макулдаштым",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

