2017-жылы Дене тарбия жана спорт агенттигине бюджеттен 490 миллион сом бөлүнөт
Дене тарбия жана спорт агенттигине бюджеттен 2017-жылы 490 миллион сом бөлүнөт. Муну 19-февралда Өкмөт үйүндө өткөн жыйында аталган агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Анын айтымында, бул каражат спортту өнүктүрүүгө жетпейт. "Мамлекет спортко 2007-жылдан бери 450 миллион гана сом бөлүп келет. Бул каражат биздин чыгашаларыбыздын 70 пайызын гана жабат. Анткени чет мамлекетке оюндарга барсак, спортчулардын чыгымдарынын 70 пайызын биз төлөйбүз, калган бөлүгүн спортчулар өздөрү төлөшөт. Бөлүнгөн сумманын көлөмү 2017-жылы 490 миллион сомго көтөрүлөрүн Каржы министрлиги билдирип жатат, бирок бул да аз",- деди Мотукеев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.