super.kg logo
  Спорт  

Токтобек Иманалиев Студенттик спорт федерациясынын президенти болуп шайланды

 

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев КРнын Студенттик спорт федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациянын Аткаруу комитетинин мүчөсү болуп кирген Шаршен Касенов билдирди.

Анын айтымында, 18-февралда аталган федерациянын президентин шайлоого багытталган конференция болуп өттү. Анда федерациянын 2003-жылдан бери аткарган иштерине баа берилип, Аткаруу комитети тарабынан канааттандырылды. 2003-жылдан тарта жетектеп келген Шаршен Касенов өз эрки менен бул кызматты Т.Иманалиевге өткөрүп берүү сунушун айткан. “Мен 3 мөөнөткө шайланып, иштеп келдим. Эми башкалар да өз күчтөрүн сынап көрүшсүн деп ордумду бошотуп берип жатам. Негизи, бул шайлоо үстүбүздөгү жылдын жай айларында өтүшү керек болчу. Алдыда Республикалык Универсиада оюндары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн Универсиадасы болот. Жаңы шайланган президенттин бул мелдештерди уюштурууга жана даярданууга көбүрөөк убактысы болсун деген ниет менен шайлоону эртелетүү чечимин чыгардык”,- дейт Ш.Касенов.

Бул жолу Токтобек Иманалиевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты. Кийинки шайлоо 4 жылдан кийин, тактап айтканда, 2019-жылы орун алат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: