super.kg logo
  Саясат  

Депутат Максат Сабиров "мамлекет жаш спортчуларга кам көрбөй жатат" деп нааразы

 
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мамлекет жаш спортчуларга кам көрбөй жатканына нааразы. Мындай пикирин ал 19-февралда дене тарбия жана спорт тармагын реформалоо маселеси боюнча өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, мамлекет жетиштүү көңүл бурбай жаткандыктан, спортчулар 30-40 жашында эле коомдон бөлүнүп калышууда. 
"Мамлекет спортту акча менен эмес, системди өзгөртүү аркылуу оңдой алат. Спорт мектептен башталат, анткени биз жаш кезибизде спортзалдан чыкчу эмеспиз, азыр жаштар интернет-клубдардан чыгышпайт. Демек, бизде систем жок",- деди Сабиров. 
Депутат Дене тарбия жана спорт агенттигинин пайдалуу иш жасабай жатканын айтат. "Фракция жыйынында бул маселени 3-4 жолу көтөрүп, сунуштарды бергенбиз, бирок аткарылган жок. Өкмөт аталган агенттикти күнөөлөп келсе, агенттик "каражат жок" деп өкмөттү күнөөлөйт. Бул жерде маселени чечүү үчүн каражат эмес, спортчуларга системдүү кам көрүү зарыл. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйындарында эч качан спортчулардын ден соолугу тууралуу сөз болбойт",- деди Сабиров. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: