Акушер: "Башчыбыз дарыгерлерди экиге бөлүп, ага каршы чыккандарды жумуштан кетирем деп чыккан"
Бүгүн, 19-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Адамдык репродукция боюнча кыргыз илим борборунун кээ бир кызматкерлери башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылып маалымат жыйын өткөрүштү. Акушер Фатима Мукаева алардын борборунун башчысы Аида Токтоматова дарыгерлерди экиге бөлүп, ага каршы чыккандарды жумуштан кетирем деп, кеткен учурда да артынан түшөрүн айткан.
“Биз - дарыгербиз, ак халат кийип жүрөбүз, биз болгону жумушта тынч иштөөнү калайбыз. Мен бул борборго 2009-жылы келгем, ал эми Аида Токтоматова 2013-жылы декабрь айында келген. Ошондон бери мага белгисиз себептер менен тынчтык бербей келет. Жакында чогулуш өткөрдүк, Токтоматова элдин көзүнчө бөлүм башчыны кагып-силкип, адамдык абийирин кетирди. Ушундай иштешүү болмок беле? Өзгөчө өчөшүү гезиттердин бирине чыккан макаладан кийин болду. Анда “биздин башчыбызды тандоо кайра өткөрүлсүн” деп айтылган. Бул макала, Токтоматованын ою боюнча, анын инсандык аброюна шек келтирүү, бирок анда биз такыр башкача ойду билдиргенбиз”,- деди акушер-гинеколог.






1 |