super.kg logo
  Саясат  

Туристтик сезон башталганга чейин Балыкчы-Каракол жолунун айрым тилкелерин оңдоо керектиги айтылды

 
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев Ысык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушууда Балыкчы-Каракол жолунун абалы боюнча маселе көтөрүлгөндүгүн маалымдады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Эл өкүлү жайкы туристтик сезон башталганга чейин Балыкчы-Каракол жолун, ошону менен катар Каркыра-Кеген жолунун 1 чакырым тилкесин оңдоо керектигин өкмөткө жолдоду. 

Мындан сырткары жергиликтүү башкаруу органдарынын Балыкчы-Каракол жолун КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүү боюнча өтүнүчтөрүн билдирди. Себеби азыркы тапта бул жол жергиликтүү бийликтин балансында. Ал эми жергиликтүү бийликтин жолду оңдоого каражаты жетпейт. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: