super.kg logo
  Саясат  

Депутат зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн телеканалдардан ыйман сабагын көрсөтүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев балдардын, аялдардын зордук-зомбулукка кабылып жатканын, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларды айтып, алардын алдын алуу боюнча көз карашын ортого салды.  

“Мамлекеттик масштабда туура эмес моралдык тарбия иштери жүргүзүлгөндүктөн, ар кандай көйгөйлөр чыгууда”,- дейт депутат. 

Диний аалымдар, анын ичинде экс-муфтий Ч.Жалилов диний маселелерди туура көтөрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле ар кандай агымдар пайда болуп жатканын, бул акырындап жарыла турган минага айланарын эскертип, муну токтотуп калууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. 

Н.Мадалиев диний маселелерге, диний билим берүүгө жеткиликтүү маани берилбей жаткандыгын айтып, Орусиянын патриархы менен мамлекеттик органдарынын байланышы сындуу дин жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерин мисалга тартты. 

“Мындай маселелерди биздин мамлекет дагы колго алышы керек. Коомдук телеканалдардан ыйман сабагы өткөрүлүшү зарыл. Мындай маселелер бизге керек”,- дейт депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: