super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Баткенде кылмыштуулук өсүп жатканын айтты

 

Диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүү үчүн диний уюмдарды, мечиттерди жана башка маданий жайларды кылдаттык менен текшерип чыгуу керек. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 19-февралда Баткенде укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынында айтты.   

“Республика боюнча кылмыштуулуктун саны аз катталганы белгиленип жатса, Баткенде, тескерисинче, өсүп жатканы көрүнүүдө. Олуттуу санда өскөн кылмыштардын бетин ачуунун кыскарышы балдардын кылмыш кылуусу боюнча абалга чочулоо алып келет. ИИМдин жетекчилери облустагы ОИИБинин ишинин жыйынтыгына көңүл бурушу керек жана тиешелүү чечимдерди кабыл алышы зарыл”,- деди Маматалиев.

Андан сырткары быйыл укук коргоо органдары парламенттик шайлоого байланыштуу калк арасында толеранттуулукту жана улуттар аралык макулдашууларды, аймактарда коомдук-саясий туруксуздукка алып келбөө боюнча иш-чараларды кеңейтүү керектигин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: