Депутат: "Баткендеги бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга гемодиализ аппараты зарыл"

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште
депутат Ташполот Балтабаев Баткендеги бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга гемодиализ аппараты зарыл экенин айтты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Анын айтымында, Баткен облусунда бөйрөк оорусу менен жабыркагандар 400 чакырым жол басып Ошко келип, гемодиализ аппараты аркылуу дарыланууга муктаж. Ошко тез-тез каттап дарылануу бейтаптар үчүн өтө эле кыйынчылыкты жаратат. “Баткендеги ооруканаларды гемодиализ аппараты менен жабдуу зарылчылыгы турат”,- дейт депутат.
Ошону менен катар Т.Балтабаев өкмөттүн "башталган курулуштар аягына чыгарылмайынча жаңы курулуштар башталбайт" деген саясаты эмне болгонун сурап, Баткенде Үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулушу башталып, бүтпөй тургандыгын өкмөткө багыттады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

