super.kg logo
  Саясат  

Парламент муфтияттын 12 миллион сомдук карызын кечүү демилгесин 3-окууда добуш берүүгө жиберди

 

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште “Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүлөрүн ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрдүн, каржылык санкциялардын жана туумдардын карызын эсептен чыгаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Эркин Сакебаевдин айтымында, сунуш кылынган долбоорго ылайык, муфтияттын 2014-жылдын 1-январына чейинки социалдык төгүмдөрдүн туумдары менен каржы санкцияларын кечүү демилгеси көтөрүлүүдө. Жалпы карыз өлчөмү 26 миллион сом, анын ичинде 12 миллион сом негизги карыздар, калган карыз туумдар менен санкциялар болуп саналат. "Ажылык зыяратка катышкан адамдар социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туумдарынан бир жолу гана бошотулмакчы",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: