super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева Кыргызстанда спорт менен тынымсыз машыккандар азайып жатканын айтты

 

Каражаттын жоктугунан көптөгөн маселелердин чечилиши жылдан-жылга созулууда. Муну вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 19-февралда белгилүү кыргыз спортчулары жана машыктыруучулары менен жолугушууда айтты.

Жыйында Ниязалиева күчтүү мамлекетти курууда жана калктын ден соолугу чың болуусу үчүн дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Акыркы жылдары эл аралык спорттук аренадагы атаандаштык күч алды. Өзгөчө бул олимпиадалык оюндардын өткөрүлүшүндө сезилет, анда алдынкы дүйнөлүк державалар бардык экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүгүн өз спортчуларынын ийгилиги үчүн багыттоого аракеттенишет. Албетте, Кыргызстан үчүн алдынкы дүйнөлүк спорттук державалар менен атаандашуу кыйынга турат, бирок биздин спортчулардын өнүгүү-өсүү мүмкүндүктөрү бар",- деди Ниязалиева.

Вице-премьер-министр акыркы жылдары калктын дене тарбия менен машыгууга болгон кызыгуусу солгундап, спорт менен үзгүлтүксүз машыккандардын саны бир топ кыскарганын айтат. "Жолугушуунун жүрүшүндө биз көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун аныктообуз керек. Өлкөдөгү профессионалдык спорттун учурдагы абалын жакшы билгениңиздерди жана тажрыйбаңыздарды эске алуу менен калк арасында дене тарбиясын жайылтуу жана профессионалдык спортту өнүктүрүү максатында ачык талкуу аянтчасын, ошондой эле 2015-2016-жылдарга иш-чаралар планын түзүү үчүн иштиктүү топ түзүүнү сунуштайм",- деди Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: