super.kg logo

Ош шаарында каракчылыкка шектелген айым кармалды, учурда анын шериги изделүүдө

 
Ош шаарында каракчылыкка шектелген айым кармалды, учурда анын шериги изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 
"Буга чейин милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз аял ага тийишип, аны алдоо жолу менен ажатканага киргизип, ал жактан аны шериги экөө муунтуп, тоноп кетишкенин айткан. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун 17 700 сомун алып кетишкен. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы кара-суулук аял кармалды. Учурда анын шеригин издөө иштери жүрүүдө",- дейт З.Сыдыков. 
Анын айтымына караганда, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу аныкталууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: