Эрлан Абдылдаев Пакистандын премьер-министринин кеңешчиси менен телефондон аймактык коопсуздукту талкуулады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 19-февралда Пакистандын премьер-министринин улуттук коопсуздук жана тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз менен телефондон сүйлөштү. Тараптар эки тараптуу мамилелердин приоритеттүү багыттары боюнча пикир алышышты. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда актуалдуу эл аралык маселелер, аймактык коопсуздук тууралуу да сүйлөшүү жүрдү.
Жакында Исламабад шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кеңешме өткөрүү макулдашылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

