super.kg logo

"Борбордогу №4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркай чарчап калды

 
№3-Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмү
Разия Имамназарова
Борбордогу №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги жана төрөттү кабыл алган акушер, гинеколог жана неанотолог
Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова
"Борбор калаадагы №4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова тастыктады. 
Маалыматка ылайык, алмаштырылды деп чуулгандуу окуяга кабылган ымыркай 27-январь күнү чарчап калган. Бул окуя боюнча кеңири маалымат алуу үчүн наристенин таенеси Разия Имамназаровага кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди: 
"Ымыркайдын абалы башынан эле жакшы эмес болчу. Ал 27-январга чейин №3-балдар ооруканасында дарыгерлердин көзмөлүндө жатты. Дарыгерлердин айтымында, анын ички органдарында да маселе болгон. Неберемдин жанында кызым болуп, эмчек эмизип карап жатты. Тилекке каршы, ал чарчап калды. Анын туугандыгын аныктоочу анализди Орусияга бир жолу жибергенге жетиштик. Бирок аны жиберүүдө айрым нормалар сакталбагандыктан, эксперттер аны кабыл албай коюшкан. Ал эми экинчи экспертизага жөнөтүүгө үлгүрбөй калдык"
Айта кетсек, буга чейин алмаштырылды делген баланын атасы "Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм. Эки баланы тең багып алууга кудуретим жетет" деп билдирген болчу.  
Ал эми №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова ымыркай алмаштырылбагандыгын айтып, экспертизадан ал факт далилденгенде наристенин ата-энесин сотко берүүгө даяр экенин билдирип маалымат жыйынын өткөргөн. 
Эске салсак, чарчап калган ымыркайдын энеси, 22 жаштагы Айнагүл Имамназарова "дени сак төрөлгөн уулубузду чуркусу (грыжасы) бар кызга алмаштырып койду" деп айтып чыккан. Кийин тиешелүү операция жасоо максатында ымыркай балдар ооруканасына которулган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
19.02.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул тороткананы жаап эле салыш керек болуп калды же кызматкерлеринин баарын айдап оптом каматып жок кылбаса ушундай корунушторду кайталай беришет элди сыздатып
19.02.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул торот уйунун кылмышы чектен ашты. Эмне учун дале иштоосуно мумкунчулук берип жатасынар!? Же,дагы коп энени сыздатып,баланы ата - энесиз,энени баласыз калтырып,"алкышын" алууну коздоп жатасынарбы? Саламаттыкты сактоо министири кай жакты карап олтурат озу?!
20.02.2015. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламаттыкты сактоо министрлиги деген министрлик бар деп саналат озу Кыргызстанда,а бирок ал "типа" бар да!
20.02.2015. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ee kirgizdardun kok mee vrachtaruna toiup ketesinda kandai kudaidan korkpoit bular akcha uchun olup ketishetko
20.02.2015. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул ишке колу барган дарыгерди аныктап ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-20 09:30:40
20.02.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka.darysuu - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
20.02.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы видеонаблюдения коюш керек. Ошондо мындай кылмыштар азаят.
20.02.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеонаблюдения коюш керек эн жакшысы
20.02.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахымда , бул окуяга тан калып алмаштырылды , деп нараазы болуп атканын коруп байкуш наристенин жанын кыйнабайын кийин чонойсода кыйналат деп аллахым озуно алып кетти окшойт . Байкуш наристеде эмне куноо. Калган омурун ата , энесине берсин , жана сабр берсин аллахым .
21.02.2015. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,Эмнеге менин коменттерим жок карап коюнуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: