super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Ишканалар 40 жаштагы тажрыйбалуу айымды ишке албай, 18 жаштагы сулуу кыздарды алышууда"

 
Бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу жумушка орношууда адамдын дене-бой белгилери (жаш, бой, салмак, майыптык, чачтын түсү жана башкалар) боюнча чектөөлөрдү алып салууну демилгелөөдө.
Анын айтымында, мындай демилге менен чыгууга бир топ жарандардын жумушка орношо албай арызданышканы себеп болду. "Жеке ишканалар жумушчуларга сынак жарыялап, түрдүү чектөөлөрдү киргизишүүдө. Мисалы, 40-45 жаштагы тажрыйбалуу айымды жумушка алуунун ордуна 18 жаштагы келбети гана татыктуу, бирок тажрыйбасы жок кыздарды алып жатышат. Жумушка орношууда эч кандай дискриминация болбошу керек",- дейт Бакир уулу.
Бирок айрым депутаттар мындай демилгеге каршы чыгышты. Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, эгер бул демилге ишке ашып калса, сотторго чоң маселелер жаралат. Депутат Бактыбек Калмаматов "Эгер аталган демилгени колдосок, жеке ишканалар жумушчуларды издөө боюнча маалыматты ачык жарыялоодон баш тартышат. Ал эми жарнамалар аркылуу миңдеген адам жумуш табууда" деген пикирин айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: