"Айкөл" тобу кытайлык кыргыздарга гастролго барууга камданууда



"Айкөл" тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыров
"Айкөл" тобу жана ырчылар Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова кытайлык кыргыздарга барып, концерт коюп келүүгө камданышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айкөл" тобунун жетекчиси Советжан Асанкадыров бүгүн, 19-февралда билдирди.
Жетекчинин маалыматына караганда, марттын башында Кытайга учуп, алгачкы концертти Үрүмчү шаарында коюшмакчы. Андан кийин Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагындагы Артыш, Улуу-Чат жана башка жерлердеги этникалык боордошторубузга ыр майрам тартуулашат. Гастроль баш-аягы 2 аптага, ал эми ар бир концерт 1,5 саатка созулмакчы. Азыр топ жана ырчылар репертуарларын жаңылап, жаңы ырлардын үстүндө иштеп, сахнада кийилүүчү костюмдарын даярдап жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.