Бишкекте дарыгерлер тобу жаңы конуштарда жашаган аялдардын ден соолугун текшеришүүдө
Ленин райондук администрациясы тарабынан түзүлгөн дарыгерлер тобу аталган районго караштуу жаңы конуштарда жашаган аялдардын ден соолугун текшеришүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, конуштардагы аялдардын ден соолугун гинекологдор жана маммологдор акысыз текшерүүдө. “Дарыгерлер үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча, адамдын толук кандуу тукум жаратууга жөндөмдүүлүгү тууралуу аялдарга кеңештерди беришет”,- деп билдирет мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

