super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Каржы полициясынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 19-февралда өлкөнүн Каржы полициясынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоосунда булар айтылды:

"Урматтуу Кыргызстандын Каржы полициясынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргызстандын өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Быйыл Кыргызстандын Каржы полициясынын түзүлгөндүгүнө 22 жыл болду. Сиздер бул мезгилдин аралыгында республикабыздын экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, натыйжалуу эмгектенип келе жатасыздар.

2014-жылы өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан республикада 1103 укук бузуу фактысы ачылды. Укук бузуу фактыларынын ачылышынын натыйжасында мамлекеттин бюджетине 1 миллиард 323 миллион 773 миң сом кайтарылды.

Бүгүнкү күндө Каржы полициясы аткаруу бийлик тутумунда мамлекеттик укук коргоо органы болуп саналат, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барат жана экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бетин ачып, тергөө жүргүзөт. Каржы полициясынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү жогорку кесиптик талаптарга дал келет жана алар элдин колдоосуна таянып, өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышууда.

Урматтуу Каржы полициясынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздердеги принциптүүлүктү, өжөрлүктү, жарандык жоопкерчиликти жана жаңы албан ийгиликтерди каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: