Аида Салянова "Күчтүү Кыргызстан" партиясынын төрайымы болуп шайланды
Аида Салянова

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова "Күчтүү Кыргызстан" (мурунку "Жарык Кыргызстан" партиясы) партиясынын төрайымы болуп шайланды. Муну бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына аталган партиянын экс-төрагасы Расул Умбеталиев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн партиянын кезексиз курултайында кабыл алынды. "Мен өз каалоом менен арыз жазып, партиянын төрагалыгынан кеттим. Ордума Аида Жеңишбековна Салянова шайланды. "Жарык Кыргызстан" партиясы "Күчтүү Кыргызстан" деп кайрадан катталды",- деди Умбеталиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Салянова жетектеген бул партия быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого катышары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

