super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Иран Межилисинин төрагасы Али Лариджаниге улуттук майрамы менен куттуктаган кат жөнөттү

 

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Ирандын Ислам Кеңешинин Межилисинин төрагасы Али Лариджанини улуттук майрамы болгон Ислам революциясынын күнү менен куттуктаган кат жолдоду. Куттуктоодо: “Сизди жана сиз башында турган Иран Ислам Республикасынын элин улуттук майрам болуп саналган Ислам революциясынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиз. Кыргызстан Иран менен ишенимдүү жана эки тарапка пайдалуу мамилелерге өзгөчө маани берет. Буга эки мамлекеттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын кеңейип бараткандыгы күбө. Мындан ары да кыргыз-иран салттуу достук мамилеси эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн бекемделе бере турганына ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге албан-албан ийгиликтерди, ал эми иран элине тынчтык жана өнүгүп-өсүү каалаймын”,- деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: