Аксыда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 159 баш кой-эчки жана кыргыз жараны чек арачыларга өткөрүлүп берилди
Аксы районунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 159 баш кой-эчки жана кыргыз жараны чек арачыларга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кой-эчкилер Өзбекстандын аймагына бүгүн эртең менен өтүп кетишкен. Ал эми мал кайтарып жүргөн жаран өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин мал жана кыргыз жараны чек арачыларга кайтарылган. Учурда кыргыз жаранына чек ара режимин бузганы үчүн айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.