super.kg logo

Депутат окуучулар менен Бажы союзу туурасында баарлашты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бүгүн, 19-февралда Бишкектин №68-мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Эл өкүлү мектеп окуучулары менен Бажы бирлиги, оң рулдуу автоунаалардын киришине тыюу, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү темаларында баарлашты.

“Ааламдашуу кылымында биз башка өлкөлөр менен кандайдыр бир карым-катнашсыз өнүгө албайбыз. Дүйнө экономикасы конкреттүү өлкөлөрдүн ийгиликтүү өз ара кызматташуусунан көз каранды. Андыктан Бажы бирлигине кирүү чечими турмуш зарылчылыгынан болуп турат”,- дейт Сабиров.

Депутат кийинки муун оңой акча табуунун жолуна түшүп бара жаткандыгын эске салып, окуучуларды маңдай тер төгүп эмгектенүүгө, эмгекти сүйүүгө чакырды. “Алдыга максат коюп, ал максатка жетүүгө умтулуу өтө маанилүү. Силер көпчүлүк убактыңарды билим алууга бөлүп, өзүңөрдү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүңөр керек”,- деп кошумчалады.

Мындан сырткары окуучулардын борбор калаанын жол инфраструктурасын өнүктүрүү, Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына даярдыктар, атуулдукка тарбиялоо боюнча суроолорун канааттандырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: