Эртең Бишкек, Талас жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 20-февралда Бишкектин, Чүйдүн жана Талас облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Кулатов, Элебаев көчөлөрүндө жарык өчөт.
Ал эми саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Чүй айылында жана Аламүдүн районуна караштуу Октябрь (Шопоков, Киев, Крупская, Жаш Гвардия, Весёлая, Фрунзе, Шоссейная көчөлөрү) айылында электр жарыгына чектөө киргизилет.
Ошондой эле Таластагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Кара-Буура районунун Бакыян, Ак-Жар, Бакайыр, Кайнар айылдарында жарык өчүшү мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-02-21
14:08
2026-02-21
12:54
2026-02-21
12:49
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















