“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып камакка алынгандардын 5 кызын туугандары карашууда
“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып 2 айга камакка алынган жарандын жана аялдын 5 кызын туугандары карап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Учурда кылмышка шектүү катары камакта жаткан жаран менен аялдын 5 кызы туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп берилген. Алар тиешелүү документтер аркылуу аларды өздөрүнүн көзөмөлүнө алышкан",- дейт Н.Нусупова.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Кийин баланын катуу ур-токмокко алынганы жана зордукталганы аныкталган. Учурда бала дале эсине келе элек. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары алгач 47 жаштагы жаран кармалган. Андан соң анын аялы, кийин баланын атасы да 2 айга камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.