Каракол шаарында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата согуштун ардагерлерин куттукташты












Бүгүн, 19-февралда Каракол шаарында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата акция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында шаар мэри жана бир катар ишканалардын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап кайтышты. Аларга жеңиштин символу катары кабыл алынган гвоздика гүлдөрү, эстеликке каларлык белектер жана азык-түлүктөр тапшырылды.
Акцияга шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү, Аскер комиссариаты жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
pumba.timon

19.02.2015. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер жанылбасам Автандил Мукашевич да куттуктап журот го?Убакыт учкан куш демекчи,карып калыптыр Каракол шаарынын экс-мэри(((.ден соолук берсин Кудайым сизге Автандил Мукашевич!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.