super.kg logo

Бүгүн Кыргыз Эл артисти, балет искусствосунун чебери Роберт Уразгильдеев 80 жаш курагында дүйнө салды

 

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Эл артисти, балет искусствосунун жана хореография өнөрүнүн чебери, профессор, Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Роберт Уразгильдеев 80 жаш курагында дүйнө салды. 

Уразгильдеев Роберт Хасанович 1935-жылы 13-майда Пермь шаарында туулган. Пермь мамлекеттик окуу жайын балет артисти адистиги боюнча бүтүргөн. 1955-жылы Москвадагы А.Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун тарых жана театр теориясы адистиги боюнча аяктаган.

Роберт Уразгильдеев көптөгөн опера спектаклдеринин бий сценаларын койгон. Ал Борбор Азия мамлекеттеринде искусство таануу боюнча жалгыз доктор болгон. Анын практика боюнча берген рекомендацияларын бир нече мамлекеттердин тажрыйба топтоочулары жана окумуштуулары колдонушкан.

Маркумду узатуу зыйнаты 21-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргызстандын атактуу балетмейстери Роберт Уразгильдеевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: