Дастан Бекешев: «Букмекер кеңселери жана тотализатор бюролору патенттелсе, бюджетке бир жылда 16 миллион сом түшөт”
"Букмекер кеңселери жана тотализатор бюролору патенттелсе, бюджетке бир жылда 16 миллион сом түшөт". Бул маалыматты бүгүн, 11-февралда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Бекешевдин айтымында, учурда өлкөдө расмий каттоодон өткөн 39 букмекер кеңсеси жана тотализатор бюросу бар. “Бирок расмий эмес маалыматтар боюнча мындай жайлардын саны 70. Алардан жылына бюджетке, болгону, 1,5 миллион сом түшөт",- деди депутат. Ал эми патенттин баасы 15 миң сом болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

