super.kg logo

Ош. Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү студенттер менен аткарып жаткан иштери тууралуу баарлашты

 

19-февралда Ош технологиялык университетинде окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери КРнын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту. 

Окуу жайдан кабарлашкандай, жолугушуунун негизги максаты аталган жаатта мамлекеттик органдардын аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берүү болуп саналат. Жолугушууга аталган кызматтын башчысынын орун басары Гуламжан Анарбаев, Түштүк башкармалыгынын башчысы Кадыр Сариев, Мобилдик-оперативдик топтун башкармалыгынын башчысы Руслан Алтыбаев баштаган бир катар кызматкерлер келишкен.

Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары Г.Анарбаев студенттерге аталган мекеменин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтарды берип, атайын даярдалган видеотүрмөктөр көргөзүлдү.

Жыйынтыгында студенттер тарабынан суроолор берилип, кеңири жооп ала алышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: