Алманбет Анапияевдин Беларуста атылып өлтүрүлгөнүн ММКлар жазып чыгышты



Бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевдин Беларуста атылып өлтүрүлгөнү айтылууда. Бул тууралуу беларусь ММКлары жазып чыгышты. Ошондой эле мындай маалыматты бүгүн, 19-февралда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстандагы басылмалардын бирине билдирген.
Маалыматка ылайык, А.Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин наамына берилген Орусиянын паспорту Улуттук коопсуздук кызматына Беларустун атайын кызматтары тарабынан жөнөтүлгөн. Ага канга боёлгон дененин сүрөтү тиркелген.
Кошумчалай кетсек, А.Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келет. Акыркы кездерде ага эл аралык издөө жарыяланып, Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы айтылган. Бирок анын жактоочусунун бул маалыматты четке каккан жайы бар.


Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Чоң Алайлык.
Чон Алайдагы особнягына апарып каадасын откоргон сон жакындарынан интервью алган сон ишеесе болчудай.
Азыркы тагдыр мурас деген кинодргудай элестетип жиберди
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө жана жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.