super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт жана улуттук кийимдерди кийүүнү колдойт

 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 20-февралда мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев 2015-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеште айрым мектеп окуучуларынын хиджаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугун билдирди.

"Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо. Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден "мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таңуулабагыла" деп талап кылган аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз.

Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчилиги тарабынан өлкөнүн президентинин сөздөрүн туура эмес чечмелөө боюнча Молдакун Абдылдаевдин жоопкерчилиги каралып жатканын маалымдайбыз.

Кыргызстандын президенти 2014-жылдын 3-ноябрында Коргоо кеңешинин жыйынындагы сөзүндө Алмазбек Атамбаев "мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, таза ниети, үлгүлүү жүрүм-туруму менен далилдеш керек" деп баса белгилеген. “Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, капыр дейбизби?! Деги эле "мусулман кийими", "мусулман эместин кийими" дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат” деген ошол жыйында",- деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: