super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, Базар-Коргон районунда 2 тонна беде күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 50 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 2 тонна беде толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 9 чарчы метр мордун тегереги жана 3 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: