super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Бишкектин эң узун көчөсүнүн жарымына Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү жактырды

 

Бүгүн, 20-февралда КСДП фракциясы өз жыйынында Бишкектеги Тынчтык кең көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү депутаттардын көпчүлүгү жактырды. Бирок добуш берүүдө мэриянын демилгесин айрымдар колдогон жок. Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, 2017-жылга чейин борбор калаадагы географиялык объектилердин (аянттар, көчөлөр, аллеялар ж.б.) аталыштарын өзгөртүүгө шаардык кеңештин токтому менен тыюу салынган. "Аталган көчөнүн аталышын 2018-жылы өзгөртүү туура болот",- деп түшүндүрдү ал.

Депутаттар Эркин Сакебаев жана Чыныбай Турсунбеков Чыңгыз Айтматовдун ысымын Киев көчөсүнө берүүнү сунушташты. "Бишкектеги эң узун көчө Тынчтык проспекти жана Манас проспекти деп экиге бөлүнөт. Улуу жазуучубуздун ысымын толук Киев көчөсүнө берүү туура",- деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: