Токмок шаарында уурулукка шектелгендер кармалышты
Токмок шаарында уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине “Ш” ишканасынын кызматкери кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар 300 литр күйүүчү майды уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 3 тургуну кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.