Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине даярдыгы талкууланууда

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү менен эксперттер "Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, биздин фермерлер биримдикке мүчө мамлекеттерди айыл чарба продуктулары менен камсыздай алышабы?" деген маселени талкуулап жатышат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Жамалидин Парманкулов
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодиев өкмөт жазгы талаа иштерин жетиштүү аткаруу үчүн токтом кабыл алганын айтты. "Министр Таалайбек Айдаралиев өзү Баткен облусундагы жазгы талаа иштери менен таанышып келди, айдоо жерлери айдалып баштаптыр. Башка облустарды кыдырып чыгып, талаа иштери боюнча аракеттерди көрөбүз",- деди Чодиев.
Жыйында дыйкан Марат Отонбаев: "Дыйкандар суу маселесинен кыйналып, быйыл түшүм жакшы болбой калды, ошондуктан көпчүлүгү кайрак жерлерди өздөштүрүү боюнча маселе көтөрүп жатышат",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
altunai.79

20.02.2015. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озум айылда турам канча жылдан бери бир окмоттун айылга келип айдоо себууго кандай даярдык деп сураганын коро элекмин.Анан эле маалымат каражаттарынан жазгы талаа иштерине даярбыз деи беришет.Суду келген арыктар, алыштар болсо айласы кетип калган.Жыккан суу огородко келгенче убактын бутуп калат.Чынын айтканда асманга эле акча толоп жатабыз.Кыскасы кыйналыш.Кабар алып жардам берип койсонор жакшы эле болмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.