Аида Саляновага Манас ордени тапшырылды




Мурунку башкы прокурор Аида Саляновага II даражадагы Манас ордени тапшырылды. Наамды экс-башкы прокурорго президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 20-февралда тапшырганын президенттик аппараттан билдиришти. Нарымбаев орденди тапшыруу аземинде Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, анын ичинде коррупция менен күрөшүүгө Аида Салянова олуттуу салым кошконун белгиледи.
Президенттик аппараттын жетекчиси экс-башкы прокурордун жеке сапаттары өлкөдө коррупция менен күрөшүүнү жаңы деңгээлге чыгарганын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 11-февралда маалымат жыйын өткөргөн Аида Салянова "Мен тууралуу "Манас орденин алуудан баш тартты" деген маалыматтар чыкты. Бул жалган, мени эч ким Манас орденин алууга чакырган эмес, чакырса бармакмын" деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
2

