super.kg logo

Ички иштер министрлиги: "Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнү боюнча маалымат такталууда"

 

"Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнү боюнча маалымат такталууда". Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Беларустун күч органдары менен байланышкан. Анда алар каза тапкан адамдын өң-келбети Алманбет Анапияевдикине окшош экенин айтышкан. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Ал эми Алманбет Анапияевдин жактоочусу Данияр Маманов: “Азырынча бул маалымат тактала элек. Ал жакка туугандарынан бирөө-жарым барып, чын эле Анапияев экенин аныкташы керек. Окуя болгон жерден табылган паспорттогу сүрөт Анапияевдики, бирок паспорт Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген экен”,- деди.

Беларусь маалымат каражаттары болсо 18-февраль күнү Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

Буга чейин өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары Алманбет Анапияевдин Беларуста атылып өлтүрүлгөнүн жазышкан.

Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
20.02.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Крим чойронун аягы аянычтуу деп бекер айтпайт. Кыйындан кыйын чыгат деген дагы туура кеп.
20.02.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба. Жашоон жыргал болгону менен,ар бир минутан бычак мизинде,октун учунда.
20.02.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
братан сен учун ХХХ оч алабыз буйурса сени олтургонго жардам берген кыргыз министирлерди жоопко тартабыз

бул бала кыргыздын патриотторудан болчу
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-20 13:59:08
20.02.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beast - эскертүү!
Улуттар аралык талаш жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
20.02.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Паспорт столдо иштегендерди кармаш керек.Ким Алмазбектин атына паспорт алганын ошолор билишет.
20.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу кабар Алмамбет Анапияев криминал болсода патриот кыргыз учун куйгон инсан болчу.
20.02.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туздон туз биздин бийликтегилердин катышы бар оз агасын агалай албаган бироонун агасын сагалайт деген туура Эми Камчы калды аны да олтуруп жеп тынышса отура беребиз Азизди братан деп окунучтуу кыргызым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: