Бишкектеги түнкү клубдардын биринен баңгизат менен 2 жаран кармалды

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринен баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, борбордо жүргүзүлгөн рейддин алкагында түнкү сайрандоочу жайлардын биринен Бишкектин 34 жаштагы жана Чүйдүн 31 жаштагы тургундары кармалышты. Аларды тинтүүдө чөнтөктөрүнөн бир нече кутучада даярдалган баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында табылган баңгизат героин экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.