super.kg logo

Ошто эттин кымбаттап кетиши талкууга алынды

 
Ош шаарында бодо малдын жана койдун этинин баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу Ош шаарынын мэриясы калаадагы эт саткан соодагерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 20-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, калаадагы эт сатуучулар, мал союучу жайлардын ээлери, базар жетекчилери катышты.
Жыйында Ош шаарынын биринчи вице-мэри акыркы мезгилде малдын этинин баасы себепсиз кымбаттап жаткандыгын айтып: “Азыркы учурда базарда бодо малдын этин 365-370 сомдон, койдун этин 360-365 сомдон сатып жатасыздар. Бодо малдын баасы бир топ эле арзан. Ош шаарынын мэриясы, Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти менен биргеликте эсептеп чыктык. Ага ылайык, уйдун эти 355, койдун эти 345 сомдон сатылууга тийиш”,- деди.
Калаа бийлиги тарабынан коюлган баага сатуучулар макул болушту. Мындай баадан кымбат саткан сатуучуларга чара көрүү сунушу да айтылды. Ошондой эле жыйында эт сатуучу жайлардын санитардык абалы талапка жоп бербегендиги белгиленип, бир ай ичинде бардык шарттары нормага ылайык келбеген жайлар жабылары эскертилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кылат. Бирок бензин ошол эле бойдон калууда ошону да карап койсонуздарчы.
20.02.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10сом тушуптурда
20.02.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштон башка жерде текейден арзанда,бут олкодо кымбатчылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: