super.kg logo

"Дарыгерлер туура эмес диагноз коюп, абалы оорлошкон" деген доомат чындыкка дал келбейт" дейт Гүлжигит Аалиев

 
Садыбакас уулу Рыскелди.

"Борбордо “Терафлю” дарысын ичип, абалы оорлошуп кеткен балага диагнозду биздин дарыгерлер коюшкан. Анын туугандарынын "дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан" деген дооматы чындыкка дал келбейт. Учурда анын абалы жакшы". Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

“Ал жигит биздин ооруканага жаңы түшкөндө эле анын кызамык менен ооруп калганы аныкталган. Анын бардык белгилери кызамыктыкы болчу, денесин майда бүдүр басып, дене табы да көтөрүлгөн. Анын үстүнө анын туугандары да жигиттин кызамыкка кабылганын билдиришкен. Жигит буга чейин айткандай 2 эмес, 3 даана “Терафлю” ичкенин билдирген. Биздин дарыгерлер тарабынан ал тиешелүү дарылоодон өтө баштаган. Эртеси аны медициналык кароо учурунда Лайелл синдрому (оор түрдөгү аллергиялык дерматит) менен жабыркаганын аныктап, ал диагнозду да биздин дарыгерлер койгон болчу. Бул ооруну дарылаган атайын оорукана жок болгондуктан, ал биздин ооруканада эле дарылануусун уланткан. Кийин №4-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө которулган”,- дейт Г.Аалиев.  

Дарыгердин айтымында, учурда жигиттин абалы жакшы болуп калды. "Анын териси мурунку абалына келеби?" деген сурообузга: “Биз буга чейин да мындай оорудан жабыркаган жарандарды дарылаганбыз. Алардын териси аталган оорудан кийин мурунку абалына келген. Ал эми бул жигит боюнча айтсам, эгерде эч кандай инфекция кирбеген болсо, ал мурунку калыбына келет”,- дейт дарыгер.

Айта кетсек, буга чейин абалы оорлошуп кеткен 21 жаштагы Садыбакас уулу Рыскелдинин туугандары дарыгерлер туура эмес дарылагандыктан улам абалы оорлошуп кеткенин айтышкан эле.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
20.02.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай,жардам бере кор ушу балага,айыгып кетсин таптаза болуп.
20.02.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооруканага жаткылык кылбасын
20.02.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла таала шыпаа берсин
20.02.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кичине мойнунарга алсанар актана бербей,акчан болсо карайсынар жок болсо конул буруп тиктеп да койбойсунар.Бул чындык менин башыман откон учун айтып атам.
20.02.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаратканыбыз жардам берип жакшы болуп кетсин.
20.02.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабр...
20.02.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла шыпаасын берип айыгып кетсин. Гүлдөй жигит экенле.
20.02.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айыгып кет АЛЛА шифаа берсин амиин
20.02.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мумкун терафлю подделка чыгаар, ошону алып келгендерден сурак алыш керек
20.02.2015. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсин!
21.02.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык нерсе бир гана Аллахтан, дарт беруучуда, шыпаа беруучуда бир гана Аллах, Аллахым озу шыпаасын берсин оомин.
21.02.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым озун жардам бере кор
21.02.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин Кудайдан шыпаа болуп! Анан да медиктердин сабатсыздыгынанбы же кызматтык милдетине кош конул мамиле жасагандыгынанбы... кыскасы мындай себептерден улам азап тартуу менен кун кечирип, жашап келгендер бар. Факт айкындалып турса да, айыпты моюнга алуу кандай кыйын ээ чиркин...
21.02.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун жардам бер. Батыраак сакайып кетсин!!!
22.02.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы мезгилде орууканага баргандан коркосун, бут баары кон конул мамиле кылат.Эгерде оз ишине конул кош караган, ошол дарыгердин куноосу болсо сот жообуна тартып, аны эл жутка корсотсо, алар деле жоопкерчиликти сезмек. Бизде бут баары сатылат жана сатып алынат. Жоопкерчиликтин жоктугунан ушундай иштер болуп жатат.
23.02.2015. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наалат силерге врачтарга соз жок анализ алып анан дарылаш герек
23.02.2015. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин табактай кылып актанганын чочко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: