super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев балдарды коргоо үчүн "Тимур жана анын командасы" сыяктуу кыймыл түзүүнү сунуштады

 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо жаатында "Тимур жана анын командасы" сыяктуу кыймыл түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр мындай пикирин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуа менен жолугушууда айтты. Балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча 2015-2017-жылдарга иш-чаралардын планынын долбоору иштелип чыкканын айткан министр: "Бул маселени чечүүдө коомдун ой жүгүртүүсүн өзгөртүү керек. Бул багытта мектеп окуучуларынын арасында "Тимурчулар" кыймылын түзүү туура",- деди Базарбаев.

Мокуа ЮНИСЕФ балдарды коргоо жөнүндө Улуттук форум боюнча ишти тездетүүгө даяр экенин билдирди. "111" ишеним телефонун ишке киргизүүнү колдоого даярбыз. Бул долбоордо балдар психологиясы боюнча жогорку деңгээлдеги адистердин катышуусу маанилүү",- деди өкүл.

Айта кетсек, министрдин сунушу орус жазуучусу Аркадий Гайдардын "Тимур жана анын командасы" чыгармасына негизделди. Чыгармада Тимур аттуу башкы каармандын балдардан отряд түзүп, карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, согушка кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жардам беришкени баяндалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: