Беларусь: "Алманбет Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дене кымбат баалуу унаанын багажынан табылган
"А.Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дене ушул унаа токтотуучу жайдан табылган.


"А.Анапияев" деп божомолдонгон жансыз дене ушул унаа токтотуучу жайдан табылган.



"Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда беларустук массалык маалымат каражаттары күбөлөргө жана жергиликтүү күч органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү эртең менен кымбат баалуу унаанын багажынан моюну кесилген, бычактан жараат алган белгисиз жарандын денеси табылган. Маркумдун денесин унаанын багажынан чыгарып жатканда аны чогулган эл да көргөн. Алардын айтымында, маркумдун башына мүшөк кийгизилип, буту-колу жип менен катуу таңылып, ал эми бутунда бут кийими жок болгон. Полиция кызматкерлери маркум унаанын багажында таштандылардын алдында жатканын айтышкан. Аны кароодо жанынан 3 уюлдук аппарат табылган, алардын бири "Верту" үлгүсүндө болгон (аталган үлгүдөгү уюлдук аппараттын баасы бир нече миң доллардан бир нече миң еврого чейин турат). Ошондой эле анын жанынан Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамович аттуу жаранга таандык паспорт табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында күч органдарынын кызматкерлери маркумдун сөөгү табылган кымбат баалуу "С" классындагы Мерседес үлгүсүндөгү унаа Беларусь жаранына таандык экенин аныкташкан. Аны суракка алуу учурунда унаанын ээси: "Менин унаамды мындан бир нече күн мурун таанышым сурап кеткен. Ошол бойдон дайынсыз болуп калды. Кийин унааны маркумдун уюлдук аппаратындагы сигнал аркылуу таптык",- деп билдирген.
Айрым маалыматтарга ылайык, маркумдун сөөгү табылган унаа жергиликтүү ишканалардын биринин жетекчисиники экен деген божомолдор болгон. Алгач аталган ишкананын жетекчисинин өлүгү табылды деген да кеп тараган. Бирок кийин ал "өлдү" делген адам тирүү, дени сак экени аныкталган.
Дагы бир күбөнүн айтымына караганда, унаадан маркумдун денеси табылганда аталган аймакка аймактык күч органдарынын өкүлдөрүнүн баары келишкен. Андан соң унаа токтотулган аймактын айланасы толугу менен 6 сааттай убакытка торолуп, ал жакка эч кимди жолотушкан эмес.
Алманбет Анапияев буга чейин бир нече беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каза болгон жаран Алманбет Анапияев экенин тастыктай элек.
Ал эми Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү таратты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө.
Эске салсак, А.Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келген. Буга чейин "ал Бириккен Араб Эмираттарында кармалды" деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты анын жактоочусу четке кагып, ал кармалбаганын айтып чыккан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
nurik-77788

20.02.2015. 17:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай богон кундода дагы бир, Кыргызымдын азаматынан айрылып олтурабыз Аллахым жаннатын насип эткен болун Амииин! ошондо бугада Бакиев куноолубу Бийликтегилердин девизи
mr.bektur

20.02.2015. 20:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belarusi9 buga dagy atyn ozgortup, jasalma pasport jasap bergen turbayby))) kim bilet kurmanbek bakievdin aty jonu dagy emne bolup ozgorup keetkenin....)))
bekmyrza58

20.02.2015. 21:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bul menin aiylymdan bolot. Aiyl eli kanchalyk kaigyryp,jalgan bolup chyksa eken dep tilep olturattar. Attin uwundai jigitter olbos bolsochu....
Yu-piter

21.02.2015. 01:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.