super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик айыптоочу Ахматбек Келдибековду сот иштери бүткүчө камакта кармоону сунуштады

 
Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу кезектеги сот отуруму өтүп жатат. Мамлекеттик айыптоочу депутат Келдибековду сот иштери аяктаганга чейин №1-СИЗОдо кармап туруу сунушун киргизди. Бирок буга депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина каршылык билдирип, мамлекеттик айыптоочу мыйзамды бузуп жатканын айтты. "Эмне үчүн мамлекеттик айыптоочу биринчи кезекте эле депутатты убактылуу камоо боюнча өтүнүч келтирип жатат? Депутаттын ден соолугу жакшы, бирок мен аны убактылуу камоого каршымын",- деди Чильникина. Андан сырткары жактоочу депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө мүмкүн эместигине бир катар далилдерди келтирди. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: