Баткен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Баткен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын кызмат адамдары жалган документтер аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү 110 409 сом акча каражатын өз кызыкчылыктары үчүн керектешкен. Учурда “кызматтык жасалмачылык”, “шалаакылык”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.