super.kg logo

Былтыр Баткенде чек ара чырларына байланыштуу көмүр менен цемент өз деңгээлинде экспорттолбой калган

 

Былтыр Баткенде 11-январда Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалына байланыштуу көмүр менен цемент өз деңгээлинде экспорттолбой калган. Мунун кесепетинен облуста өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмү жана салык топтоонун көлөмү толук аткарылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, былтыр Баткен районунда болгон куралдуу кагылышуу Тажикстан менен чек араны 82 күнгө жапты.

“Баткен боюнча жалпы көмүрдүн өндүрүлүшү бир жылда 200 миң тонна болот. Анын ичинен биздин облуска керектелчү кара алтындын көлөмү 80 миң тонна, калганы экспортко кетиши керек. Чек ара жабык болгондуктан өтпөй калды, цемент дагы ошондой болду. Кошумчаласам, цементтин бир топ бөлүгү дал ушул Тажикстан мамлекетине кетет. Ошону менен көмүр 5 миң тоннага, ал эми цемент 40 миң тоннага аз экспорттолду”,- деди Разаков. 

Мен облус жетекчиси катары айтып коюшум керек. Акыркы 2-3 жылдан бери мамлекет тарабынан жана өлкө башчы тарабынан Баткен облусуна жакшы көңүл бурулууда. Чек ара аймактарында тактоо иштери жүрүп жатат. Бул ишти бизде атайын өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия алып барат.

Бир топ чек ара аймактарыбызды бекемдеп, жакшыртканга шарттар түзүлдү. Мисалы, былтыркы жылдын эсебинен Евросоюздун каржылоосу менен 8,6 миллион евро сарпталып, Көк-Талаа - Пүлгөн айланма жолун бүтүрүп алдык. Быйыл ал пайдаланууга берилди. Заманбап технология менен асфальтталган жакшы трасса болду. Бул жол аркылуу Кадамжайдан Кызыл-Кыяга бара турган жарандарыбыз көз карандысыз Кыргызстандын аймагы менен тоскоолдуксуз өтө алышат.

Андан сырткары, өзүңөр билесиңер, жыл башынан бери ММКларда чагылдырылып келген чек ара аймагында Тажик Республикасы менен бир топ түшүнбөстүктөр болду. Мисалы, Ак-Сай - Рават жолун салып бүтүрүү менен биз ошол Көк-Сай - Ак-Таш жолунда болуп жаткан чыр-чатактарды бир топ азайттык. Бүгүнкү күндө Көк-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Рават жолдорунда каттам ишке кирип, биздин жарандарга жакшы шарт түзүлдү.

Ошондой эле 2013-жылдагы Сох анклавынын тегерегиндеги жаңжалдар былтыр бир да жолу кайталанган жок”,- деди Разаков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерге чала биринчи кыргыз элин камсыздагыла кара алтын цемент мн анан экспортунарды жургузгуло кашайып былтыр болсо сезондо Кызыл-Кыя цемент завотунарды ремонт кылымыш эттинер итинер чоп жеп калган эле вообшие жааб салса жакшы болмок наалат силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: