super.kg logo

Көркөм искусство жаатындагы таланттуу балдарды таанытуу максатында сүрөт сынагы өтөт

 

Кыргызстанда “2015-жыл – Бейтараптык жана тынчтык жылы” темасында балдардын сүрөт сынагы башталды. Сынак Түркмөнстандын 20 жылдык бейтараптуулугуна арналат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 20-февралда билдирди.

Маалым болгондой, сынактын максаты - тез өнүгүп келаткан Түркмөнстан мамлекети тууралуу маалымат берүү жана көркөм искусство жаатындагы таланттуу балдарды таанытуу. 16 жашка чейинки балдар арасында өтө турган сынакта кызыктуулугуна, көркөмдүгүнө, таасирдүүлүгүнө, эмгектин эстетикалык кооздолушуна көңүл бурулат. 

28-майда сынактын жыйынтыгы менен жүргүзүлгөн добуштун негизинде ар бир номинация боюнча 2 финалчы тандалып алынат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана лауреаттарына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: