super.kg logo

Баткенде "классташын өлтүрүүгө буюртма берген" деп шектелген жаран кармалды

 

"Адам өлтүрүүгө буюртма берген" деп шектелип Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылынын 39 жаштагы тургуну З.Б. кармалды. Бул тууралуу 20-февралда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү ошол эле айылдын тургуну, мурда "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон К.Дга кайрылып, учурда Орусиянын Красноярск шаарында иштеп жүргөн классташы О.Кны өлтүрүүгө буюртма берген. Ошондой эле ага 150 миң сом берүүнү убадалап, алдын ала 5000 сом берген. 

Баткен ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Орусияга кетүүгө даярданып жаткан К.Д. колго түшкөн. 

Азыркы тапта адам өлтүрүүгө буюртма берген Марказ айылынын 39 жаштагы тургуну З.Бнын үстүнөн кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.02.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аяш ава россияга жетпей калганы зор боптур да
20.02.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуяны жаш балага да айтсан ишенбейт .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: